Талас облусунун Бакай-Ата районунун Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын кайталап шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилди

08 июля 2021

2021-жылы 8-июлда КР БШК Талас облусунун Бакай-Ата районунун Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын кайталап шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорун карап, бекитти.

Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна Боо-Терек айылдык кеңешинин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Бейшебаев Эрнис Айнабаевич, Жаныбеков Бактыяр Жаныбекович, Кубанычбеков Абдыбаказ Советбекович катталган. Добуш берүүгө 1-турда Боо-Терек айылдык кеңешинин 21 депутатынын 20 депутаты,  2-турда баардык 21 депутаты катышты, 1-турда Бейшебаев Э.А. - 1 добуш, Жаныбеков Б.Ж. – 10 добуш, Кубанычбеков А.С. – 9 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш берилди, 2-турда Жаныбеков Б.Ж. – 10 добуш, Кубанычбеков А.С. – 11 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш берилди.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Кубанычбеков Абдыбаказ Советбекович Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү