КР БШК Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын кайталап шайлоону дайындады

08 июля 2021

КР БШК 2021-жылы 8-июлда Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын кайталап шайлоону дайындады.

БШКнын 2021-жылдын 21-июнундагы №116 чечимине байланыштуу Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 10-июнундагы протоколдору жараксыз деп таанылды жана Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын мурда катталган талапкерлер боюнча кайталап шайлоону өткөрүү 2021-жылдын 22-июлуна дайындалды. Шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.

Токтом “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөт башчысын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобого ылайык кабыл алынды.

Сокулук аймактык шайлоо комиссиясына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын кайталап шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү