Бишкек АШК бир катар саясий партияларга жазуу жүзүндө эскертүү берди

08 июля 2021

2021-жылы 8-июлда Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы (АШК) Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибинин сакталышын контролдоо боюнча Жумушчу топтун корутундуларынын негизинде шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин жана тартибин бузгандык үчүн төмөнкү бир катар саясий партияларга жазуу жүзүндө эскертүү берди.

  • “Реформа”  саясий партиясына – объектинин менчик ээсинин макулдугусуз объектилерде үгүт материалдарын жайгаштыргандыгы үчүн;
  • “Социал-демократтар” саясий партиясынан талапкер И. Сарылдык уулуна  – үгүт материалдарында 18 жашка толо элек адамдарды пайдалангандыгы үчүн;
  • “Биздин Кыргызстан” саясий партиясынан талапкерлер Т.А. Асылбековго жана А.А.Алымбаевге үгүт материалдарында 18 жашка толо элек адамдарды пайдалангандыгы жана үгүт материалдарын аймактык шайлоо комиссиясына бербестен  жайгаштыргандыгы үчүн;
  • “Ишеним” саясий партиясына – үгүт материалдарын аймактык шайлоо комиссиясына бербестен  жайгаштыргандыгы үчүн;
  • “Келечек-Будущее” саясий партиясына – чет элдик жарандын үгүт жүргүзгөндүгү үчүн.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү