Бишкек АШК билдирет: Шайлоо участогу жайгашкан Реабилитация борбору пандемияга байланыштуу иштебейт жана бейтаптарды кабыл албайт
08 июля 2021
Шаардагы Реабилитация борборунун имаратында жайгашкан шайлоо участогу боюнча 24.kg сайтындагы жарыялоого байланыштуу Бишкек АШК төмөнкүлөрдү билдирет.
COVID-19 жайылгандыгына байланыштуу Свердлов районунун аймагында жайгашкан аталган Реабилитация борбору 2020-жылы мартта жабылган жана бүгүнкүгө чейин жабык, иштебейт жана бейтаптарды кабыл албайт.
