Бишкек АШК “Улуу-Журт” саясий партиясынан Бишкек шаардык кеңешке депутаттыкка талапкерлердин аталган партияга даттануусун карады

07 июля 2021

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына (АШК) “Улуу-Журт” саясий партиясынын Бишкек шаардык кеңешке депутаттыкка талапкерлеринен аталган партияга даттануу түштү. Арыз ээлери партия көрсөтүү тартибин бузду, алардын тизмедеги номурлары өзгөртүлгөн, кээ бир талапкерлер “Кыргызстан” саясий партиясынын мүчөлөрү болуп саналат деп көрсөтүшөт жана “Улуу-Журт” саясий партиясынын талапкерлер тизмесин каттоону жокко чыгарууну өтүнүшөт.

Даттанууну кароонун жыйынтыгы боюнча Бишкек АШК төмөнкүнү белгиледи.

 “Улуу-Журт” саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү мыйзамдар талап кылгандай саясий партиянын жетекчисинин колу коюлуп, саясий партиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн талапкерлер тизмесин Бишкек АШКга тапшырган. Буга кошумча ал тизме “Электрондук талапкер” маалыматтар тутумуна кошулуп, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнө гана берилүүчү жана ал гана кире ала турган жеке логин жана пароль киргизилген.

Мындан тышкары, “Улуу-Журт” саясий партиясынын талапкерлер тизмесин каттоо жөнүндө Бишкек АШКнын чечими шайлоо процессинин катышуучулары тараптан, анын ичинде аталган саясий партиянын талапкерлери тарабынан мыйзамдарда белгиленген мөөнөттөрдө даттанылган эмес.

Баяндалгандын негизинде Бишкек АШК “Улуу-Журт” саясий партиясы көрсөткөн Бишкек шаардык кеңешке депутаттыкка талапкерлердин тизмесин каттоону жокко чыгаруу үчүн негиздер жок деген тыянакка келди.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү