2021-жылы 7-июлда болуп өткөн Кара-Булак айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоо жөнүндө маалымат

07 июля 2021

2021-жылы 7-июлда Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Булак айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоо болуп өттү.

Кара-Булак айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – райондун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими көрсөткөн Абдрахманов Замирбек Дуйшөевич, Кара-Булак айылдык кеңешинин депутаттарынан көрсөтүлгөн Байзаков Дарвиш Элчибекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Байзаков Дарвиш Элчибекович Кара-Булак айыл өкмөт башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Кара-Булак айылдык кеңешинин 21 депутатынын 13 депутаты добуш беришти.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү