Кээ бир ЖӨБ аткаруу органдарынын башчыларын кайталап шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилди
07 июля 2021
2021-жылы 7-июлда КР БШК Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаар мэрин, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Талдуу-Булак, Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе, Кызыл-Туу, Москва районунун Беловодский, Петровка, Ысык-Ата районунун Ивановка, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөт башчыларын кайталап шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорун бекитти.
Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаар мэрин кызмат ордуна 4 талапкер – «Ата-Журт Кыргызстан», «Замандаш» депутаттар фракциясы көрсөткөн Абылов Рахматалы Алишерович, «Бирге-Вместе» депутаттар фракциясы көрсөткөн Айтмаматов Улан Алимбекович, «Мекен Ынтымагы» депутаттар фракциясы көрсөткөн Балташов Алмазбек Шукуралиевич, «Ыйман Нуру» депутаттар фракциясы көрсөткөн Казыбеков Эрлан Нурланбекович катталган. Добуш берүүгө Кара-Көл шаардык кеңешинин баардык 31 депутаты катышты, 1-турда Абылов Р. - 6 добуш, Айтмаматов У. - 7 добуш, Балташов А. - 10 добуш, Казыбеков Э. - 8 добуш алды, 2-турда Балташов А. - 17 добуш, Казыбеков Э. - 13 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 1 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Балташов Алмазбек Шукуралиевич Кара-Көл шаар мэри болуп шайланды.
Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 4 талапкер – Талдуу-Булак айылдык кеңешинин депутаттарынан көрсөтүлгөн Исаков Замирбек Тургуналиевич, Каимов Ганыжан Турсунбаевич, Кумашева Бурулча Абакуловна, Базар-Коргон районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими көрсөткөн Мойдинов Каныбек Тажидинович катталган. Добуш берүүгө Талдуу-Булак айылдык кеңешинин баардык 21 депутаты катышты, 1-турда Исаков З. – 8 добуш, Каимов Г. – 8 добуш, Кумашева Б.– 1 добуш, Мойдинов К. – 4 добуш алды, 2-турда Исаков З. - 11 добуш, Каимов Г. – 7 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 3 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Исаков Замирбек Тургуналиевич Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – Фрунзе айылдык кеңешинин депутаттарынан көрсөтүлгөн Абылгазиев Исмаилакун Омурбекович, Байысбек уулу Бекбий, Кулубеков Талайбек Аскербекович катталган. Добуш берүүгө Фрунзе айылдык кеңешинин баардык 21 депутаты катышты, 1-турда Абылгазиев И.О. – 1 добуш, Байысбек уулу Б. – 10 добуш, Кулубеков Т.А. – 10 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш берилди. 2-турда Байысбек уулу Б. - 12 добуш, Кулубеков Т.А. – 8 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Байысбек уулу Бекбий Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – Кызыл-Туу айылдык кеңешинин депутаттарынан көрсөтүлгөн Жылжымышов Акылбек Болотбекович, Саркумов Марат Женишбекович, Сүйүналиев Каныбек Жумабекович катталган. Добуш берүүгө Кызыл-Туу айылдык кеңешинин баардык 21 депутаты катышты, 1-турда Жылжымышов А.Б. – 10 добуш, Саркумов М. Ж. – 10 добуш, Сүйүналиев К.Ж. – 0 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 1 добуш берилди. 2-турда Саркумов М.Ж. - 14 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 7 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Саркумов Марат Женишбекович Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Петровка айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна Петровка айылдык кеңешинин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Ешалиев Кубанычбек Жолдошбекович, Саралаев Узакбек Солтоевич, Сооронбаев Казым катталган. Добуш берүүгө Петровка айылдык кеңешинин баардык 21 депутатынын 10 депутаты катышты, Ешалиев К.Ж. - 11 добуш, Саралаев У.С. – 9 добуш, Сооронбаев К. - 1 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Ешалиев Кубанычбек Жолдошбекович Петровка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Беловодский айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна Беловодский айылдык кеңешинин депутаттарынан көрсөтүлгөн 4 талапкер – Алыбеков Бакыт Жумгалбекович, Байбосунов Асанбек Арстанбекович, Бакиров Асылбек Искенович, Кулжанов Талайбек Кибиралиевич катталган. Добуш берүүгө Беловодский айылдык кеңешинин баардык 31 депутаты катышты, 1-турда Алыбеков Б.Ж. – 10 добуш, Байбосунов А.А. – 3 добуш, Бакиров А.И. – 10 добуш, Кулжанов Т.К. – 6 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 2 добуш берилди. 2-турда Алыбеков Б.Ж. - 16 добуш, Бакиров А.И. – 14 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 1 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Алыбеков Бакыт Жумгалбекович Беловодский айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Ивановка айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна Ивановка айылдык кеңешинин депутаттарынан көрсөтүлгөн 5 талапкер – Касыров Тилек, Мадиярова Мээрим Кадыркуловна, Мамадалиев Эмил Сраилович, Мусакожо уулу Райымбек, Тентимишева Замира Шарапидиновна катталган. Добуш берүүгө Ивановка айылдык кеңешинин баардык 21 депутаты катышты, Касыров Т. - 0 добуш, Мадиярова М.К. – 12 добуш, Мамадалиев Э.С. – 9 добуш, Мусакожо уулу Р. – 0 добуш, Тентимишева З.Ш. – 0 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Мадиярова Мээрим Кадыркуловна Ивановка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Азимбеков Нурбек Абдыкеримович, Калмуратов Мамбет Маматалиевич, Мадалиев Хамидулла Аманулаевич катталган. Добуш берүүгө Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин баардык 31 депутаты катышты, Азимбеков Н. А. - 4 добуш, Калмуратов М.М. – 0 добуш, Мадалиев Х.А. – 27 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Мадалиев Хамидулла Аманулаевич Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
