КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди

07 июля 2021

КР БШК 2021-жылы 7-июлда Токтогул, Ноокен, Ак-Суу жана Түп аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин карап, бекитти.

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин депутаты Төрөкулов Өмүрбек Турсунбаевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат райондук социалдык коргоо башкармалыгынын социалдык кызматкери Ибраимова Асилкан Калиловнага өткөрүп берилди.

Айыл өкмөт башчылыгына шайлангандыгына байланыштуу Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айылдык кеңешинин депутаты Нарматов Азамат Эгембердиевичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат «РСК Банктын» Ноокен филиалынын бөлүм начальниги Камытов Мирбек Касымовичке өткөрүп берилди.

Айыл өкмөт башчылыгына шайлангандыгына байланыштуу Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Арал айылдык кеңешинин депутаты Өмүрзаков Нурбек Абдикаримовичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат жеке ишкер Жакипов Раимжан Кудайбердиевичке өткөрүп берилди.

Айыл өкмөт башчылыгына шайлангандыгына байланыштуу Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Сакалды айылдык кеңешинин депутаты Осмонов Алимбек Гуламжановичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Жунусов Муратбек Адылбековичке өткөрүп берилди.

Айыл өкмөт башчылыгына шайлангандыгына байланыштуу Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Момбеков айылдык кеңешинин депутаты Абдыжапаров Кадырбек Зулпукаровичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат “Кыргызнефтегаз” ишканасынын оператору Дөмушев Тилек Апсаматовичке өткөрүп берилди.

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Момбеков айылдык кеңешинин депутаты Молошов Дастанбек Адилбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке ишкер Молдокеримов Дастанбек Эрмаматовичке өткөрүп берилди.

Айыл өкмөт башчылыгына шайлангандыгына байланыштуу Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Бүргөндү айылдык кеңешинин депутаты Арстанбеков Зайырбек Советбековичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат жеке ишкер Айдаралиев Нажимидин Макамбаевичке өткөрүп берилди.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Боз-Учук айылдык кеңешинин депутаты Тилекманов Айбек Таалайбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке ишкер Мукашев Рыскельди Туртемировичке өткөрүп берилди

Айыл өкмөт башчылыгына шайлангандыгына байланыштуу Ысык-Көл облусунун Түп районунун Чоң-Таш айылдык кеңешинин депутаты Амандыков Нурлан Асырампаевичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат дыйкан чарбасынын мүчөсү Эгембердиев Мирлан Советовичке өткөрүп берилди.

Мындан тышкары, БШК айыл өкмөт башчылыгына шайлангандыгына байланыштуу Үсөнов Эламан Зарылбековичти Чоң-Таш кеңешинин айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жөнүндө Түп аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин карап, бекитти.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү