АЭУ бурмалоону жокко чыгарат: БШКда саясий партиялар менен жолугушуу өттү

06 июля 2021

2021-жылы 11-июлуна дайындалган шаардык кеңештерге шайлоону даярдоо жана өткөрүү алкагында Бишкек аймактык шайлоо комиссиясында катталган саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен жолугушуу өттү.

Жолугушуунун катышуучуларына автоматтык эсептөөчү урналардын (АЭУ) иши көрсөтүлүп, БШК аппаратынын кызматкерлери тесттик добуш берүүнү өткөрүштү. Катышуучуларга техникалык бардык процесс – АЭУ шайлоо бюллетендерин кантип кабыл алып, кандай эсептээри, добуш берүү аяктагандан кийин модем маалыматтарды серверге кантип берээри ачык көрсөтүлдү.

Колдонулуп жаткан модель бюллетендерди жапырт таштоо, «карусель» сыяктуу бурмалоону жокко чыгаруу милдеттерин чече тургандыгын БШКда баса белгилешти.

Ошондой эле окутуу иш-чарасында шайлоо өнөктүгүндө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерине жана даттанууларды кароо тартибине байланыштуу маселелер талкууланды. Андан кийин саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн суроолору боюнча жооп, түшүндүрмө берилди.

Катышуучулардын алдында КР БШК мүчөсү К.А. Маматов чыгып сүйлөп, саясий партияларды жарандарга талапкерлер тууралуу анык маалымат берүүнү, ошентип, шайлоочуга аң-сезимдүү тандоо жасоого көмөктөшүүгө, ошол эле учурда мыйзам алкагында үгүт жүргүзүүгө чакырды.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү