Бишкек АШК «Келечек-Будущее» саясий партиясына карата «Реформа» саясий партиясынын арызы боюнча түшүндүрмө берет
05 июля 2021
«Келечек-Будущее» саясий партиясынан талапкердин эки аял алууну мыйзамдаштырууну колдоп, социалдык түйүндө жарыялаган видеосу боюнча ЖМКда таратылып жаткан маалыматтарга байланыштуу Бишкек АШК төмөнкүчө түшүндүрмө берет.
«Реформа» саясий партиясы арызында КР Конституциясына, КР Жазык кодексине жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР Мыйзамына шилтеме жасайт.
Кароонун жыйынтыгы боюнча Бишкек АШК «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Мыйзамдын гана бузулушун аныктаган жок, ошондой эле арыз ээсине талапкер Н. Абдыкаимованын кайрылуусунда жазык жосунунун белгилерин аныктоо үчүн укук коргоо органдарына кайрылууну жана коомдо терс пикирди түзбөө, ошондой эле маалыматты бурмалабоо үчүн жарыяланган видеону өчүрүүнү сунуш кылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
