КР БШК кээ бир айыл өкмөт башчыларын кайталап шайлоону дайындады

01 июля 2021

КР БШК 2021-жылы 1-июлда Ош облусунун Араван районунун Маңгыт, Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айыл өкмөт башчыларын кайталап шайлоону дайындады.

Маңгыт айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы Ы.М. Маткаримовдун иш стажы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесинин 1-бөлүгүнүн талаптарына ылайык келбегендигине байланыштуу 2021-жылдын 11-июнунда өткөн Ош облусунун Араван районунун Маңгыт айыл өкмөт башчысын шайлоо жокко чыгарылды. Ош облусунун Араван районунун Маңгыт айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоону 2021-жылдын 15-июлунда өткөрүү дайындалды. Шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.

2021-жылдын 28-июнуна дайындалган Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айыл өкмөт башчысын шайлоодо депутаттардын көпчүлүгү «баардык талапкерлерге каршы» позициясына добуштарын бергендигине байланыштуу айыл өкмөт башчысы шайланбай калды. Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоону жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен 2021-жылдын 14-июлунда өткөрүү дайындалды. Шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.

Араван жана Жайыл аймактык шайлоо комиссияларына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын кайталап шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.

 

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү