КР БШК Бишкек, Ош, Токмок шаарларына шайлоо бюллетендерин жөнөттү
01 июля 2021
2021-жылы 1-июлда “Учкун” ААК имаратында Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоону өткөрүү үчүн даярдалган шайлоо бюллетендерин алуу-өткөрүү актысына кол коюлду.
Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоону өткөрүү үчүн 611 071 бюллетень даярдалды. Мындан тышкары, 326 бюллетень Брайль тамгасы менен даярдалды.
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына (АШК) - 425 532 бюллетень, Ош АШКга – 148 370, Токмок АШКга – 37169 бюллетень жөнөтүлдү.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесине ылайык жергиликтүү кеңештердин депутаттарын пропорциялуу тутум боюнча шайлоодо шайлоо бюллетенинде саясий партиялардын аталыштары чүчүкулак менен белгиленген кезекте кошумча көрсөтүлөт.
«Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык участкалык шайлоо комиссияларына берилүүчү шайлоо бюллетендеринин саны шайлоо участогу боюнча шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын санынан 0,1 пайыздан ашуусу мүмкүн эмес (иш жүзүндө – 1 УШКга 1-2 бюллетенден ашпайт).
Курамында БШК мүчөлөрү, БШК аппаратынын кызматкерлери болгон жумушчу топ “Учкун” ААКта бюллетендерди басуу процессине тынымсыз (күнү-түнү) байкоо жүргүздү. “Учкун” ААКтын басып чыгаруу цехинде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн басылган бюллетендерди тесттен өткөрүүчү жабдыктардын комплекти орнотулган. Кайтаруу УКМК жана ИИМ кызматкерлери тарабынан камсыздалды.
Шайлоо бюллетенинин жогорку даражадагы корголуусу бар, автоматтык эсептөөчү урна (АЭУ) ар бир бюллетенди тааный алуусу үчүн атайын корголуу боёгу менен боёлот.
Борбордук шайлоо комиссиясы бюллетендерди аймактык шайлоо комиссияларына акт боюнча өткөрүп берет.
Шайлоо бюллетендери баардык коопсуздук чараларын камсыздоо менен атайын байланыш транспорту менен жөнөтүлөт.
Жараксыздарын алып салгандан кийин 65 килограммов бюллетень жок кылынды.
Маалымат үчүн:
Басмакана жараксыздарын алып салгандан кийин шайлоо бюллетендерин Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө акт боюнча өткөрүп берет. Шайлоо бюллетендерин КР БШКнын кеминде 3 мүчөсүнүн, басмакананын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөрүп бергенден кийин жараксыз жана ашык шайлоо бюллетендери жок кылынат, бул жөнүндө акт түзүлөт, ага катышкан адамдардын бардыгынын колу коюлат.
Шайлоо бюллетендерин басмакананын, шайлоо комиссиясынын жайларынан шайлоо бюллетендерин алып чыгууга, ошондой эле Мыйзам талаптарын бузуу менен шайлоо бюллетендерин көчүрмөлөөгө жана таратууга тыюу салынат.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
