БШК жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди
29 июня 2021
КР БШК 2021-жылдын 29-июнунда Кара-Көл, Сүлүктү жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү жөнүндө токтом кылды.
Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты Чыныкбаев Нузарбек Бобубековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат “СМ Повертэч Ко” ЖЧК прорабы Ниязалиев Арзымат Нурманбетовичке (№5, “Бирге-Вместе” саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Баткен облусунун Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Халбеков Абдысамат Диканбаевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат БатМУнун Сүлүктү педагогикалык колледжинин методисти Саттаров Руфат Исроиловичке (№8, “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Депутат жүйөөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин сессияларына бир жыл ичинде төрт жолудан ашык келбегендигине байланыштуу Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаты Аскарбек уулу Улукбектин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат Жети-Өгүз районунун электр менен камсыздоо ишканасынын кызматкери Өмүрбаев Алмазбек Асангазиевичке өткөрүп берилди.
Мындан тышкары, Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен кээ бир талапкерлерди чыгаруу жөнүндө Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин бекитти. Өз арызынын негизинде төмөнкү талапкерлер “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын тизмесинен чыгарылды:
- Джээнтаева Күмүшбүбү Усупбаевна (№ 33)
- Замирова Айгерим Замировна (№36);
- Кусеинова Айнура Кубанычбековна (№38);
- Алдаярова Тинатин Эсенгуловна (№42);
- Сулайманкулова Айтолкун Кенжетаевна (№45).
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
