КР БШК Ысык-Көл районунун Ананьев жана Өрүктү айыл өкмөт башчыларын кайталап шайлоону дайындады
29 июня 2021
КР БШК 2021-жылдын 29-июнунда Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьев жана Өрүктү айыл өкмөт башчыларын кайталап шайлоону дайындады.
2021-жылдын 26-июнуна дайындалган Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьев айыл өкмөт башчысын шайлоодо депутаттардын көпчүлүгү «баардык талапкерлерге каршы» позициясына добуштарын бергендигине байланыштуу айыл өкмөт башчысы шайланбай калды. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьев айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоону жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен 2021-жылдын 13-июлунда өткөрүү дайындалды. Шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.
2021-жылдын 26-июнуна дайындалган Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Өрүктү айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоодо белгиленген мөөнөттө бир дагы талапкер катталбагандыгына байланыштуу айыл өкмөт башчысы шайланбай калды. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Өрүктү айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоону жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен 2021-жылдын 13-июлунда өткөрүү дайындалды. Шайлоо саат 15-00дөн 18-00гө чейин өткөрүлөт.
Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын кайталап шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
