КР кээ бир ЖӨБ аткаруу органдарынын башчыларын кайталап шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилди

29 июня 2021

2021-жылы 29-июнда КР БШК Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кызыл-Белес жана Кош-Дөбө, Жумгал районунун Чоң-Дөбө, Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакайыр, Талас районунун Нуржанов жана Долон, Баткен облусунун Лейлек районунун Катран, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Суу, Ак-Суу районунун Боз-Учук, Ысык-Көл районунун Темир, Тоң районунун Төрт-Күл айыл өкмөт башчыларын кайталап шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорун бекитти.

Кызыл-Белес айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Шерматов Мират Ажыбекович катталган. Добуш берүүгө Кызыл-Белес айылдык кеңешинин баардык 11 депутаты катышты, Шерматов М.А. 11 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Шерматов Мират Ажыбекович Кызыл-Белес айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.

Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 4 талапкер – Маметов Жыргалбек Насирович, Темирбек уулу Молдобай, Чылымов Тынчтык Абдраимович, Эдигеев Марат Кадырбекович катталган. Добуш берүүгө Кош-Дөбө айылдык кеңешинин баардык 11 депутаты катышты, Маметов Ж.Н. - 6 добуш, Темирбек уулу М. - 5 добуш, Чылымов Т.А. – 0 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Маметов Жыргалбек Насирович Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.

Чоң-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Сагынбек уулу Кутболсун, Таштаналиев Улан Турунбекович катталган. Добуш берүүгө Чоң-Дөбө айылдык кеңешинин 11 депутатынын 10 депутаты катышты, Сагынбек уулу Кутболсун - 9 добуш, Таштаналиев У.Т. – 1 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Сагынбек уулу Кутболсун Чоң-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.

Бакайыр айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Акышев Акматбек Анаркулович, Байдовлетов Басылбек Нукенович, Бакиров Сейитбек Сапарович катталган. Добуш берүүгө Бакайыр айылдык кеңешинин баардык 21 депутаты катышты, 1-турда Акышев А.А. - 1 добуш, Байдовлетов Б.Н. – 10 добуш, Бакиров С.С. – 10 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш берилди, 2-турда Байдовлетов Б.Н. – 6 добуш, Бакиров С.С. – 15 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Бакиров Сейитбек Сапарович Бакайыр айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.

Нуржанов айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Эстебесов Уланбек Бийгазиевич катталган. Добуш берүүгө Нуржанов айылдык кеңешинин баардык 11 депутаты катышты, Эстебесов У.Б. - 6 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 5 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Эстебесов Уланбек Бийгазиевич Нуржанов айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.

Долон айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Касымов Нурзат Мукамбеталиевич, Торкеев Өмүрбек катталган. Добуш берүүгө Долон айылдык кеңешинин баардык 21 депутаты катышты, Касымов Н.М. - 12 добуш, Торкеев Ө. – 8 алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 1 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Касымов Нурзат Мукамбеталиевич Долон айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.

Катран айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 4 талапкер – Салибаев Эсенали Нусуратиллаевич, Абалов Нургазы Куттузович, Жалилов Асан Абдиманапович, Салимбеков Нурмат Доорович катталган. Добуш берүүгө Катран айылдык кеңешинин баардык 21 депутаты катышты, Салибаев Э. - 11 добуш, Абалов Н. – 1 добуш, Жалилов А. – 4 добуш, Салимбеков Н. – 5 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Салибаев Эсенали Нусуратиллаевич Катран айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.

Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Качаганов Доктурбай Жакыпбаевич катталган. Добуш берүүгө Талды-Суу айылдык кеңешинин баардык 21 депутаты катышты, Качаганов Д. Ж.– 11 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 9 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Качаганов Доктурбай Жакыпбаевич Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.

Боз-Учук айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Оторбаев Талантбек Карымшакович, Тилекманов Айбек Таалайбекович катталган. Добуш берүүгө Боз-Учук айылдык кеңешинин баардык 21 депутаты катышты, Оторбаев Т.К. - 7 добуш, Тилекманов А. Т. – 14 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Тилекманов Айбек Таалайбекович Боз-Учук айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.

Темир айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Малабеков Кылычбек Шукурбекович катталган. Добуш берүүгө Темир айылдык кеңешинин 21 депутатынын 19 депутаты катышты, Малабеков К. Ш. – 17 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 2 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Малабеков Кылычбек Шукурбекович Темир айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.

Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Байсеркеев Урматбек Жакшылыкович катталган. Добуш берүүгө Төрт-Күл айылдык кеңешинин 21 депутатынын 18 депутаты катышты, Байсеркеев У. Ж. – 18 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Байсеркеев Урматбек Жакшылыкович Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү