2021-жылы 25-июнда болуп өткөн кээ бир айыл өкмөт башчыларын кайталап шайлоо жөнүндө маалымат

25 июня 2021

2021-жылы 25-июнда Баткен облусунун Кадамжай районунун Халмион, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Серек, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Төрт-Күл, Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакайыр, Нарын облусунун Жумгал районунун Чоң-Дөбө айыл өкмөт башчыларын шайлоо болуп өттү.

Баткен облусунун Кадамжай районунун Халмион айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 4 талапкер – Дадаев Муктарали Бектинович, Максутов Замирбек Нурмаматович, Сарыбекова Өктамхон Эргешовна, Саматов Шайырбек Абдилатович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Максутов Замирбек Нурмаматович Халмион айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Халмион айылдык кеңешинин 31 депутатынын 20сы добуш беришти.

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Серек айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Турдуматов Руслан Стамбекович, Жадигеров Абдыразак Жакиевич, Дооранбек уулу Мунарбек катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Жадигеров Абдыразак Жакиевич Көк-Серек айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Көк-Серек айылдык кеңешинин 21 депутатынын 11и добуш беришти.

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Байсереков Урматбек Жакшылыкович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Байсереков Урматбек Жакшылыкович Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Төрт-Күл айылдык кеңешинин 21 депутатынын 18и добуш беришти.

Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакайыр айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Акышев Акматбек Анаркулович, Байдовлетов Басылбек Нукенович, Бакиров Сейитбек Сапарович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Бакиров Сейитбек Сапарович Бакайыр айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Бакайыр айылдык кеңешинин 21 депутатынын 15и добуш беришти.

Нарын облусунун Жумгал районунун Чоң-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Сагынбек уулу Кутболсун, Таштаналиев Улан Турунбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Сагынбек уулу Кутболсун Чоң-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Чоң-Дөбө айылдык кеңешинин 11 депутатынын 9у добуш беришти.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү