«Социалдык технологиялар агенттиги» коомдук бирикмеси шаардык кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде байкоо жүргүзөт

25 июня 2021

«Социалдык технологиялар агенттиги» коомдук бирикмеси
шаардык кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоону даярдоо жана

өткөрүү мезгилинде байкоо жүргүзөт

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясы 2021-жылдын 25-июнунда 2021-жылдын 11-июлуна
дайындалган Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин
депутаттарын кайталап шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде байкоо
жүргүзүү ниети тууралуу «Социалдык технологиялар агенттиги» коомдук
бирикмесинин билдирүүсүн эске алды.
БШК белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү берүү менен Көчөрбаева
Зульфия Ирисовнаны, Исланбекова Бактыгуль Исланбековнаны, Түлегенов
Медет Темировичти «Социалдык технологиялар агенттиги» коомдук
бирикмесинин коомдук байкоочулары катары каттоону чечти.
Чечим «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-1-беренесин, «Кыргыз
Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо
комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-
беренелерин, «Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош жана Токмок шаардык
кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоону дайындоо жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 27-майындагы
№ 231 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум
өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 11-июлундагы №
226 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президентин,
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, жергиликтүү
кеңештеринин депутаттарын шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын
референдумун өткөрүүдө коомдук байкоочуларды каттоонун тартиби
жөнүндө» Жобону жетекчиликке алып, «Социалдык технологиялар
агенттиги» коомдук бирикмесинин билдирүүсүнүн негизинде кабыл алынды.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү