Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуучу саясий партияларга КАЙРЫЛУУСУ
24 июня 2021
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Бишкек аймактык
шайлоо комиссиясынын Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын
шайлоого катышуучу саясий партияларга КАЙРЫЛУУСУ
Урматтуу саясий партиялар!
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 14-мартындагы №30 чечими менен
бекитилген “Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумду
даярдоонун жана өткөрүү мезгилинде санитардык-эпидемиологиялык
коопсуздукту жана жарандардын ден соолугун коргоону камсыз кылуу
боюнча аракеттердин алгоритмине” ылайык үгүт иш-чараларын теле
кѳрсѳтүү, радио, аудио жана видео форматтарын пайдалануу менен,
онлайн режиминде ѳткѳрүү сунуш кылынат. Офлайн
жолугушууларында адамдардын жапырт топтолуусуна жол бербѳѳ
жѳнүндѳ талаптарды эске алуу менен орун-жайдан сырткары (ачык
жерде) ѳткѳрүү сунушталат.
Баяндалганды эске алып, Бишкек шаарындагы эпидемиологиялык
кырдаалга байланыштуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы санитардык-
эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча баардык чараларды
сактоону жана 50 адамдан ашык шайлоочу менен жолугушууларды
өткөрүүгө жол бербөөнү көптөн көп сунуштайт.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
