Ош облусунун кээ бир айыл өкмөт башчыларын кайталап шайлоо болуп өттү
23 июня 2021
Ош облусунун кээ бир айыл өкмөт башчыларын кайталап шайлоо
болуп өттү
2021-жылдын 23-июнунда Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-
Кочкор, Кашка-Жол, Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөттөрүнүн
башчыларын шайлоо болуп өттү.
Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык
кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Амиракулов Умотбек
Орозбаевич, Темирбаев Ысак Бакыевич, Аттокуров Жанышбек
Камчыбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Темирбаев
Ысак Бакыевич Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал
үчүн Кара-Кочкор айылдык кеңешинин 21 депутатынын 11и добуш беришти.
Добуш берүү 2 тур менен өттү.
Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык
кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Турдуев Сагынбек
Бокоевич, Эрмекбаев Пазилидин Алимович, Жаныбеков Адилет
Жаныбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Жаныбеков
Адилет Жаныбекович Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы болуп
шайланды. Ал үчүн Кашка-Жол айылдык кеңешинин 21 депутатынын 11и
добуш беришти.
Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык
кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Жантороев Канторо,
Толубаева Ширин Ражаповна, Кенжетаев Анарбек Алтыбаевич катталган.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Жантороев Канторо Катта-Талдык
айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Катта-Талдык айылдык
кеңешинин 21 депутатынын 12си добуш беришти.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
