КР БШК кээ бир айыл өкмөт башчыларын кайталап шайлоону дайындады
23 июня 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 23-июнунда Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Бирдик, Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Булак айыл өкмөт башчыларын кайталап шайлоону дайындоо жөнүндө токтом кылды.
2021-жылдын 20-июнуна дайындалган Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Бирдик айыл өкмөт башчысын шайлоодо депутаттардын көпчүлүгү «баардык талапкерлерге каршы» позициясына добуштарын бергендигине байланыштуу айыл өкмөт башчысы шайланбай калды.
Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Бирдик айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоону жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен 2021-жылдын 7-июлунда өткөрүү дайындалды. Шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.
2021-жылдын 21-июнуна дайындалган Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Булак айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоодо депутаттардын көпчүлүгү талапкерлерге караганда «баардык талапкерлерге каршы» позициясына добуштарын бергендигине байланыштуу айыл өкмөт башчысы шайланбай калды.
Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Булак айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоону жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен 2021-жылдын 7-июлунда өткөрүү дайындалды. Шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
