Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо партиялардын бюллетендеги кезектүүлүгү аныкталды
21 июня 2021
2021-жылдын 21-июнунда Токмок аймактык шайлоо комиссиясы Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоого катталган саясий партиялардын ортосунда катталган саясий партияларды шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчүкулак өткөрдү.
Чүчүкулактын натыйжасында саясий партиялардын шайлоо бюллетендериндеги кезектүүлүгү төмөнкүдөй болду:
«Эмгек»;
«Бирге-Вместе»;
«Эл биримдиги»;
«Асыл Мурас-жаштары»;
«Ата Журт Кыргызстан»;
«Патриот ынтымагы».
Чүчүкулак өткөрүүгө катталган саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, ошондой эле коомдук байкоочулар катышты.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
