Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо партиялардын бюллетендеги кезектүүлүгү аныкталды
22 июня 2021
Бүгүн – 2021-жылдын 22-июнунда Ош аймактык шайлоо комиссиясы Ош шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоого катталган саясий партиялардын ортосунда катталган саясий партияларды шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчүкулак өткөрдү.
Чүчүкулактын натыйжасында саясий партиялардын шайлоо бюллетендериндеги кезектүүлүгү төмөнкүдөй болду:
«Ынтымак»
«Улуу-Журт»
«Биздин Кыргызстан»
«Улуттар биримдиги»
«Келечек-Будущее»
«Бүтүн Кыргызстан»
«Ата-Журт Кыргызстан»
«Бир бол»
«Нур»
Чүчүкулак өткөрүүгө катталган саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, ошондой эле коомдук байкоочулар катышты.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
