БШК Аксы районунун Кербен шаар мэрин кайталап шайлоону дайындады
21 июня 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 21-июнунда Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаар мэрин кайталап шайлоону дайындады.
2021-жылдын 21-июнуна дайындалган Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаар мэрин кайталап шайлоо катталган талапкер шайлоого катышуудан баш тарткандыгына байланыштуу өтпөй калды.
Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаар мэрин кайталап шайлоо 2021-жылдын 5-июлуна дайындалды. Шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
