КР БШК кээ бир ЖӨБ башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитти
21 июня 2021
2021-жылы 21-июнда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ЖӨБ башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитти.
Нарын облусу боюнча:
Нарын районунун Миң-Булак жана Чет-Нура, Жумгал районунун Баш-Кууганды айыл өкмөт башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилди.
Кудайбергенов Курманбек Асанович Миң-Булак айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;
Абдыраймакунов Уланбек Кубанычбекович Чет-Нура айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;
Жумуков Рахатбек Ташынович Баш-Кууганды айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;
Ош облусу боюнча:
Ош облусунун Өзгөн районунун Төрт-Көл, Куршаб, Ийри-Суу жана Чангет, Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар, Алайку жана Кара-Кулжа айыл өкмөт башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилди.
Эсенбаев Өзгөнбай Аттокурович Төрт-Көл айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;
Келдибаев Сактан Аширалиевич Куршаб айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;
Курманбеков Сейтек Ийри-Суу айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;
Каратаев Базарали Тагаевич Чангет айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;
Абдилазиз уулу Бактыбек Кызыл-Жар айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;
Эргешбаев Бактыбек Абдылдаевич Алайку айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;
Жээнбеков Бактыбек Эрмаматович Кара-Кулжа айыл өкмөт башчысы болуп шайланды.
Жалал-Абад облусу боюнча:
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл өкмөт башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилди.
Чолпанов Икрамжон Сайфитдинович Арстанбап айыл өкмөт башчысы болуп шайланды.
Чүй облусу боюнча:
Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Жээк, Нурманбет, Ысык-Ата, Красноречка, Сокулук районунун Новопавловка, Камышановка, Жаңы-Пахта, Нижний-Чүй жана Ат-Башы айыл өкмөт башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилди.
Абакиров Ранат Канатович Жээк айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;
Өмүралиев Адис Мыктыбекович Нурманбет айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;
Төлөгөнов Аскат Момуналиевич Ысык-Ата айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;
Кожомамбетов Азамат Асанбекович Красноречка айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;
Өмүров Орозбек Өмүрович Новопавловка айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;
Зикиров Махмаямин Камчыбекович Камышановка айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;
Доранов Осмонали Акжолович Жаңы-Пахта айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;
Акматов Жаныбек Абдимусаевич Нижний-Чүй айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;
Абдыкеримов Максат Кадырбекович Ат-Башы айыл өкмөт башчысы болуп шайланды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
