БШК Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизди

19 июня 2021

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясы 2021-жылдын 19-июнундагы жыйналышында Токмок
аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр
киргизилди:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан
көрсөтүлгөн Губе Аида Исмаровна, Джапаралиева Мээрим Бактыбековна
комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан
көрсөтүлгөн Джумагулова Бактыгуль Таштанбековна, Абдразакова Алмагуль
Джолдошевна комиссиянын курамына киргизилсин.
Чечим Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн шайлоо
комиссиясынын курамынан чыгаруу жөнүндө арызынын негизинде, «Кыргыз
Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо
комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19-
беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесине, Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-
жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо
комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин
түзүү, жүргүзүү тартиби тууралуу» Жобосуна ылайык кабыл алынды.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү