Бишкек шаардык кеӊешин кайталап шайлоого катталган саясий партиялар үчүн шайлоо процессинин өзгөчөлүктөрү боюнча окутуу өткөрүлдү
18 июня 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы үстүбүздөгү жылдын 11-июлуна дайындалган Бишкек шаардык кеӊешине кайталап шайлоого катталган саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү үчүн окутуу семинарын өткөрдү.
Семинарда шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү, ошондой эле шайлоо процессинин ачык-айкындуулугун камсыздоо алкагында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо мыйзамдарына саясий партиялардын шайлоо фонддорун каржылоого байланыштуу тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилгендиги, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу тартибине, шайлоо фонддорунун каражаттарын эсепке алууга жана чыгымдоого бирдиктүү ыкма киргизилип, кайрымдуулук кылууларга тыюу салынгандыгы, каржы отчётторун БШК сайтына жарыялоого милдеттендирилгендиги белгиленди.
Катышуучулар өтүп жаткан шайлоо өнөктүгүнүн өзгөчөлүктөрү, үгүт жүргүзүүнүн негизги эрежелери, шайлоонун жүрүшүндө шайлоо талаш-тартыштарын чечүү жөнүндө маалымат алышты. Шайлоонун баардык этаптарында санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук чараларынын алгоритмдери, шайлоо өнөктүгүн каржылоо эрежелери, шайлоо фонддорун түзүү, шайлоо комиссияларында даттанууларды кароо тартиби талкууланды.
Партиялардын өкүлдөрүн шайлоо өнөктүгүн уюштурууда колдонулушу мүмкүн болгон маалыматтык ресурстар, анын ичинде шайлоочулардын https://tizme.gov.kg/ порталы менен тааныштырышты. Ошондой эле БШКнын добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу тартиби тууралуу маалыматтык тутумдары, шайлоо талаш-тартыштарынын электрондук реестри ж.б. тууралуу маалымат берилди.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
