КР БШК кээ бир айыл өкмөт башчыларын кайталап шайлоону дайындады

17 июня 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 17-июнунда Чүй облусунун Аламүдүн районунун Ленин, Сокулук районунун Кызыл Туу, Фрунзе, Талас облусунун Талас районунун Айдаралиев айыл өкмөт башчыларын кайталап шайлоону дайындоо жөнүндө токтом кылды.

2021-жылдын 14-июнуна дайындалган Чүй облусунун Аламүдүн районунун Ленин айыл өкмөт башчысын шайлоодо депутаттардын көпчүлүгү «баардык талапкерлерге каршы» позициясына добуштарын бергендигине байланыштуу айыл өкмөт башчысы шайланбай калган.

2021-жылдын 14-июнуна дайындалган Чүй облусунун Сокулук районунун Кызыл Туу айыл өкмөт башчысын шайлоодо талапкерлер айылдык кеңештин депутаттарынын керектүү сандагы добуштарын албагандыгына байланыштуу айыл өкмөт башчысы шайланбай калды.

2021-жылдын 15-июнуна дайындалган Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе айыл өкмөт башчысын шайлоодо талапкерлер айылдык кеңештин депутаттарынын керектүү сандагы добуштарын албагандыгына байланыштуу айыл өкмөт башчысы шайланбай калды.

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Ленин, Сокулук районунун Кызыл Туу айыл өкмөт башчыларын жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайталап шайлоону 2021-жылдын 1-июлунда өткөрүү дайындалды. Шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.

Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоону жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен 2021-жылдын 1-июлунда өткөрүү дайындалды. Шайлоо саат 15-00дөн 18-00гө чейин өткөрүлөт.

2021-жылдын 13-июнуна дайындалган Талас облусунун Талас районунун Айдаралиев айыл өкмөт башчысын шайлоодо талапкер айылдык кеңештин депутаттарынын керектүү сандагы добуштарын албагандыгына байланыштуу айыл өкмөт башчысы шайланбай калды.

Талас облусунун Талас районунун Айдаралиев айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоону жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен 2021-жылдын 1-июлунда өткөрүү дайындалды. Шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү