КР БШК Кегети айылдык кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандатты өткөрүп берди
17 июня 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 17-июнунда Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын Кегети айылдык кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандатты шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимин бекитти.
Кегети айылдык кеңешинин депутаты Аликеев Эсенаман Насировичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Жокаев Каныбек Сейтеевичке өткөрүп берилди.
Чүй аймактык шайлоо комиссиясына Кегети айылдык кеңешинин шайланган депутатын каттоо жана ага күбөлүк, белгиленген үлгүдөгү төш белги берүү тапшырылды.
Токтом “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
