Бишкек шаардык кеӊешин кайталап шайлоого катышууга ниеттенген саясий партиялардын эсине
17 июня 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 18-июнда саат 11:00дө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын имаратында Бишкек шаардык кеӊешине кайталап шайлоого катышуу жөнүндө билдирген саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү үчүн окутуу семинарын өткөрөт.
Саясий партиялардын өкүлдөрү шайлоону уюштуруунун өзгөчөлүктөрү жана шайлоонун жүрүшү, жергиликтүү кеӊештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо маселелери, шайлоо өнөктүгүн каржылоо эрежелери, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорун түзүү маселелери, шайлоо алдында үгүт жүргүзүү эрежелери, ошондой эле шайлоо комиссияларында даттанууларды кароо тартиби менен тааныштырылат.
Катышуу маселелери боюнча шайлоо процессинин катышуучулары менен ѳз ара аракеттешүү жана окутуу методологиясы бѳлүмүнө төмөнкү байланыш телефон номурларына чалып, кайрылууга болот: 62-08-29, 62-62-87.
|
11.00-11.30
|
Катышуучуларды каттоо
|
|
11.30-11.45 |
Куттуктоо сөз
|
|
11.45-12.00
|
«Жергиликтүү кеӊештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо тартиби» Айтикеев Төлөгөн Ороскулович, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы |
|
12.00-12.10 |
Суроо-жооп |
|
12.10-12.25 |
«Каржылык айкындуулук: Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеӊештеринин депутаттыгына талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорун түзүү, ал фонддордун каражаттарын чыгымдоо тартиби»
Баширова Раида Дамировна, БУУӨПтүн улуттук кеңешчиси
|
|
12.25-12.35 |
Суроо-жооп |
|
12.35-12.50 |
«Шайлоодо шайлоо алдында үгүт жүргүзүү эрежелери» Уметалиев Кубат Кыбанычбекович, укуктук камсыздоо бөлүмүнүн адиси |
|
12.50-13.00 |
Суроо-жооп |
|
13.00-13.20 |
«Шайлоо өнөктүгүндө даттанууларды кароо тартиби» Уметалиев Кубат Кыбанычбекович, укуктук камсыздоо бөлүмүнүн адиси |
|
13.20-13.30 |
Суроо-жооп |
