КР БШК кээ бир айыл өкмөт башчыларын кайталап шайлоону дайындады

15 июня 2021

КР БШК кээ бир айыл өкмөт башчыларын кайталап шайлоону
дайындады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясы 2021-жылдын 15-июнунда Ысык-Көл облусунун
Жети-Өгүз районунун Тамга, Ак-Шыйрак, Ысык-Көл районунун Садыр-Аке,
Түп районунун Михайловка, Нарын облусунун Кочкор районунун Чолпон,
Нарын районунун Учкун айыл өкмөт башчыларын кайталап шайлоону
дайындоо жөнүндө токтом кылды.
Ысык-Көл облусу боюнча:
2021-жылдын 13, 14-июнуна дайындалган Жети-Өгүз районунун Тамга,
Ак-Шыйрак жана Түп районунун Михайловка айыл өкмөт башчыларын
шайлоодо белгиленген мөөнөттөрдө бир дагы талапкер катталбаганына
байланыштуу айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калган.
2021-жылдын 13-июнуна дайындалган Ысык-Көл районунун Садыр-
Аке айыл өкмөт башчысын шайлоодо депутаттардын көпчүлүгү «баардык
талапкерлерге каршы» позициясына добуштарын бергендигине байланыштуу
айыл өкмөт башчысы шайланбай калган.
Жети-Өгүз районунун Тамга айыл өкмөтүнүн башчысын кайталап
шайлоону 2021-жылдын 28-июнунда өткөрүү дайындалды. Шайлоо саат 9-
00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.
Жети-Өгүз районунун Ак-Шыйрак жана Түп районунун Михайловка,
Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл өкмөт башчыларын жаңы
талапкерлерди көрсөтүү менен кайталап шайлоону 2021-жылдын 29-июнунда
өткөрүү дайындалды. Шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.
Нарын облусу боюнча:
2021-жылдын 12-июнуна дайындалган Кочкор районунун Чолпон айыл
өкмөт башчысын шайлоодо катталган талапкерлер депутаттардын керектүү
сандагы добуштарын албагандыгына байланыштуу айыл өкмөт башчысы
шайланбай калды. Кочкор районунун Чолпон айыл өкмөт башчысын
кайталап шайлоо жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен 2021-жылдын 29-
июнунда өткөрүү дайындалды. Шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө чейин
өткөрүлөт.

2021-жылдын 14-июнуна дайындалган Нарын районунун Учкун айыл
өкмөт башчысын шайлоодо депутаттардын көпчүлүгү “баардык
талапкерлерге каршы” позициясы үчүн добуш бергендигине байланыштуу
айыл өкмөт башчысы шайланбай калды. Нарын районунун Учкун өкмөт
башчысын кайталап шайлоо жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен 2021-
жылдын 29-июнунда өткөрүү дайындалды. Шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө
чейин өткөрүлөт.
 
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү