Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоого катышуу үчүн саясий партиялардан талапкерлердин тизмелерин көрсөтүү этабы аяктады

14 июня 2021

2021-жылдын 11-июлуна дайындалган Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык  планына ылайык 2021-жылдын 13-июнунда Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоого катышуу үчүн саясий партиялардан талапкерлердин тизмелерин көрсөтүү этабы аяктады.

Төмөнкү  саясий партиялар Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына талапкерлердин тизмелерин каттоого беришти:

"Ата-Журт Кыргызстан";

"Эмгек";

"Туран" демократиялык партиясы;

"Келечек-Будущее";

"Реформа";

«Өнүгүү-Прогресс»;

"Биздин Кыргызстан";

"Биздин Эл";

"Борбор" демократиялык партиясы;

"Замандаш";

"Ынтымак";

"Күч бирдикте" социалдык-саясий партиясы;

"Жаны-Мезгил" мигранттар, үй куруучулар жана агрардык реформа саясий партиясы;

"Социал-демократтар":

"Ишеним";

"Улуу-Журт";

"Кыргызстандын жашылдар партиясы".

Төмөнкү  саясий партиялар Ош аймактык шайлоо комиссиясына талапкерлердин тизмелерин каттоого беришти:

«Ынтымак»;

«Улуу Журт»;

«Бир бол»;

«Биздин Кыргызстан»;

«Бүтүн Кыргызстан»;

«Ата-Журт Кыргызстан»;

«Улуттар биримдиги»;

«Келечек-Будущее»;

«Нур».

Төмөнкү  саясий партиялар Токмок аймактык шайлоо комиссиясына талапкерлердин тизмелерин каттоого беришти:

«Эл биримдиги»;

«Бирге-Вместе»;

«Эмгек»;

«Патриот ынтымагы»;

«Асыл Мурас жаштары»;

«Ата-Журт Кыргызстан»;

Кайталап шайлоого катышууга баардыгы 25 саясий партия ниеттенүүдө.

«Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясы үч шаардагы шайлоого катышууга ниеттенүүдө.

5 партия («Келечек-Будущее», «Биздин Кыргызстан», «Ынтымак», «Улуу-Журт», «Эмгек») эки шаардагы шайлоого талапкерлердин тизмелерин көрсөттү.

Башка төмөнкү партиялар шаарлардын бирине талапкерлердин тизмелерин каттоого беришти:

«Өнүгүү-Прогресс», «Социал-демократтар», «Замандаш», «Жаны-Мезгил», «Биздин эл», «Туран», «Кыргызстандын жашылдар партиясы», «Күч бирдикте», «Реформа», «Борбор», «Ишеним», «Бир бол»; «Бүтүн Кыргызстан»; «Улуттар биримдиги», «Эл биримдиги», «Асыл Мурас жаштар»,  «Бирге-Вместе»,  «Патриот ынтымагы», "Нур".

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 53-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы документтерди кабыл алган күндөн тартып, 10 календардык күндүн ичинде талапкерлердин көрсөтүү тартиби ушул Мыйзамдын талаптарына ылайыктыгын текшерет жана талапкерлердин тизмесин каттоону жүзөгө ашырат же болбосо каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөөлөштүрүлгөн чечим чыгарат. Көрсөтүлгөн текшерүү анын ичинде «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасын колдонуу менен жүзөгө ашырылат.

Мында шайлоо комиссиясы документтерден талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн тоскоолдук болуп саналган ылайык келбөөчүлүктү тапса, документтер алынгандан кийин 24 сааттын ичинде шайлоо комиссиясы бул ылайык келбөөчүлүктөр жөнүндө саясий партияга маалымдоого милдеттүү. Саясий партия маалымдоо алынган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл болгон өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана оңдолгон документтерин тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берүүгө укуктуу.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү