Кыргыз Республикасынын шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоодо шайлоочулардын алдын ала тизмеси шайлоо участкаларында илинди

12 июня 2021

2021-жылдын 11-июлуна дайындалган шаардык (Бишкек, Ош, Токмок) кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоодо шайлоочулардын алдын ала тизмеси  шайлоочулар өздөрү тууралуу маалыматтарды такташы үчүн 2021-жылдын 9-июнунан тартып шайлоо участкаларында илинди.

2021-жылдын 2-июнунан тартып Мамлекеттик каттоо кызматы түзгөн шайлоочулардын алдын ала тизмеси түзүлүп, шайлоочулардын “Тизме” - tizme.gov.kg мамлекеттик порталына жайгаштырылды.

2021-жылдын 9-июнуна карата үч шаар боюнча шайлоочулардын саны 610 160 шайлоочуну түздү. Анын ичинде Бишкек– 424 853 (69,6%), Ош – 148 143 (24,3 %), Токмок – 37164 (6,1%).

Ар бир шайлоочу 2021-жылдын 2-июлуна чейин өзү тууралуу маалыматтарды шайлоочулардын тизмесинен тактай алат:

  • шайлоочулардын Тизме” – https://tizme.gov.kg/ мамлекеттик порталынан;
  • өзүңүздүн шайлоо участогуңуздан;
  • 1255 жана 119 номурлары боюнча чалуу менен же паспортто көрсөтүлгөн өзүңүздүн ПИН-номуруңузду көрсөтүп, 119 номуруна СМС жөнөтүү (чалуу жана  СМС акысыз) менен шайлоочу өз шайлоо участогунун номурун жана дарегин алат.

Шайлоочулардын тизмесинен ар кандай катаны же так эместикти тапкан учурда шайлоочу 2021-жылдын 2-июлуна чейин паспортун (ID-карта) көрсөтүп, көчүрмөсүн арызга тиркеп, шайлоочулардын тизмесинен маалыматтарды тактоо тууралуу арыз менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуу.

 

Шайлоо участогунда арыз берүүдө шайлоочу милдеттүү түрдө биометрикалык иденттештирүүдөн өтөт.

Шайлоочулардын тизмесинен маалыматтарды тактоо тууралуу арызды шайлоочу мамлекеттик “Тизме” – https://tizme.gov.kg/ порталындагы “Шайлоочулардын кабинети” деген сервис аркылуу электрондук түрдө бере алат.

Мында шайлоочу Иденттештирүүнүн бирдиктүү тутумунун негизинде авторлоштуруудан/аутенттирүүдөн өтөт.

Жооп арыз кабыл алынган күндөн тартып 7 календардык күндөн кечиктирбестен арыз бергенде көрсөтүлгөн түрүндө жана дарек боюнча жиберилүүгө тийиш.

2021-жылдын 20-июнуна чейин шайлоочулардын контролдук тизмеси түзүлүп, жайгаштырылат, ал эми шайлоочулардын биротоло тизмеси2021-жылдын 3-июлуна чейин түзүлөт.

МААНИЛҮҮ: Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо 18 жашка толгон жана андан жогору курактагы, биометрикалык каттоодон өткөн жергиликтүү жамааттын – шаардын мүчөсү болуп саналган жарандар шайлоочулардын тизмесине киргизилет.

Жергиликтүү жамааттагы мүчөлүгү туруктуу жашаган жерин каттоо жөнүндө жарандын паспортундагы белги (же болбосо 2017-жылдын үлгүсүндөгү eiD-паспортундагы чиптеги жазуу) менен аныкталат.

Жашаган жерин каттоонун актуалдуу дареги паспорттогу жашаган жердин чипте көрсөтүлгөн дарекке/жазууга дал келүүсү маанилүү.

Мамлекеттик каттоо кызматынын органдарынан (КТБ, паспорт столдору, ЖААЖ бөлүмдөрү) биометрикалык каттоодон өтүүгө же паспорттогу маалыматтарды актуалдаштырууга болот.

 

2015-ж. 4-октябрынан тартып 2021-жылдын 9-июнуна чейин Бишкек, Ош, Токмоктогу шайлоочулардын санынын динамикасы тууралуу маалымат