Ош шаардык кеӊешин кайталап шайлоого катышууга ниеттенген саясий партиялардын эсине

11 июня 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 14-июнунда саат 13:00дө Ош шаарынын мэриясынын имаратында Ош шаардык кеӊешине кайталап шайлоого катышуу жөнүндө билдирген саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү үчүн окутуу семинарын өткөрөт.

Саясий партиялардын өкүлдөрү шайлоону уюштуруунун өзгөчөлүктөрү жана шайлоонун жүрүшү, жергиликтүү кеӊештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо маселелери, шайлоо өнөктүгүн каржылоо эрежелери, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорун түзүү маселелери, шайлоо алдында үгүт жүргүзүү эрежелери, ошондой эле шайлоо комиссияларында даттанууларды кароо тартиби менен тааныштырылат.

Катышуу маселелери боюнча шайлоо процессинин катышуучулары менен ѳз ара аракеттешүү жана окутуу методологиясы бѳлүмүнө төмөнкү байланыш телефон номурларына чалып, кайрылууга болот: 62-08-29, 62-62-87.