Нарын облусунун кээ бир айыл өкмөт башчыларын шайлоо болуп өттү

11 июня 2021

2021-жылдын 11-июнунда Нарын облусунун Кочкор районунун Соң-Көл, Сары-Булак, Ак-Талаа районунун Ак-Талаа, Үгүт, Жумгал районунун Куйручук, Жумгал, Ат-Башы районунун Ак-Талаа, Кара-Коюн,  Нарын районунун Достукского, Жан-Булак айыл өкмөт башчыларын шайлоо болуп өттү.

Соң-Көл айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Мамбеталиев Касымбек, Чекирбаев Эркинбек Замирович, Айманов Урматбек Муканбетович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Айманов Урматбек Муканбетович Соң-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Соң-Көл айылдык кеңешинин баардык 11 депутатынын алтоо добуш беришти.

Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Макишов Эрнис Орозобекович, Келдибек уулу Рысбек катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Макишов Эрнис Орозобекович Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Сары-Булак айылдык кеңешинин баардык 11 депутатынын 7өө добуш беришти.

Ак-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Сатаров Эркинбек Токтогазиевич, Алыбаев Рахат Алманбекович, Жапаров Илич Асанкулович    катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Алыбаев Рахат Алманбекович Ак-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Ак-Талаа айылдык кеңешинин 11 депутатынын алтоо добуш беришти.

Үгүт айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Иманкадыров Нурлан Токтобекович,Чыныбаев Омурбек Карыбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Чыныбаев Омурбек Карыбекович Үгүт айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Үгүт айылдык кеңешинин 11 депутатынын алтоо добуш беришти.

Куйручук айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Аблабеков Бердибек, Байышов Замир, Сапаралиев Бактыбек катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Аблабеков Бердибек Куйручук айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Куйручук айылдык кеңешинин 11 депутатынын алтоо добуш беришти.

Жумгал айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Болоталиев Узак Жыргалбекович, Санташов Тариел Салдатбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Болоталиев Узак Жыргалбекович Жумгал айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Жумгал айылдык кеңешинин 11 депутатынын 10у добуш беришти.

Ак-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Стамакунов Талантбек Акматбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Стамакунов Талантбек Акматбекович Ак-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Ак-Талаа айылдык кеңешинин 11 депутатынын 10у добуш беришти.

Кара-Коюн айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 5 талапкер – Кермакунова Гулзада Калыбековна, Бегалиев Койчубек Токтосунович, Нуралиев Жыргалбек Советович, Осмоналиев Бакытбек Коногалиевич, Ажыгулов Азамат Базарбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Кермакунова Гулзада Калыбековна Кара-Коюн айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Кара-Коюн айылдык кеңешинин 11 депутатынын 7өө добуш беришти.

Достук айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Ырысбек уулу Элдар, Мабеткулов Чынгыз Майрамбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Мабеткулов Чынгыз Майрамбекович Достук айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Достук айылдык кеңешинин баардык 11 депутатынын 8и добуш беришти.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү