КР БШК Чүй облусунун Целинный айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоону дайындады
11 июня 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн – 2021-жылдын 11-июнундагы жыйналышында Чүй облусунун Москва районунун Целинный айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоону дайындоо жөнүндө токтом кылды.
2021-жылдын 9-июнуна дайындалган Чүй облусунун Москва районунун Целинный айыл өкмөт башчысын шайлоодо талапкерлер айылдык кеңештин депутаттарынын керектүү сандагы добуштарын албагандыгына байланыштуу айыл өкмөт башчысы шайланбай калды.
Чүй облусунун Москва районунун Целинный айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоо жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен 2021-жылдын 25-июнунда өткөрүү дайындалды. Шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.
Чечим “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7,14,18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөт башчысын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык кабыл алынды.
Москва аймактык шайлоо комиссиясына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын кайталап шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
