КР БШК Нарын облусунун Кош-Дөбө жана Чоң-Дөбө айыл өкмөт башчыларын кайталап шайлоону дайындады

11 июня 2021

КР БШК Нарын облусунун Кош-Дөбө жана Чоң-Дөбө айыл өкмөт
башчыларын кайталап шайлоону дайындады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясы бүгүн – 2021-жылдын 11-июнундагы жыйналышында
Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө, Жумгал районунун Чоң-
Дөбө айыл өкмөт башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө токтом кылды.
2021-жылдын 10-июнуна дайындалган Нарын облусунун Ак-Талаа
районунун Кош-Дөбө айыл өкмөт башчысын шайлоодо талапкерлер айылдык
кеңештин депутаттарынын керектүү сандагы добуштарын албагандыгына
байланыштуу айыл өкмөт башчысы шайланбай калды.
2021-жылдын 10-июнуна дайындалган Нарын облусунун Жумгал
районунун Чоң-Дөбө айыл өкмөт башчысын шайлоодо депутаттардын
көпчүлүгү “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн добуш
бергендигине байланыштуу айыл өкмөт башчысы шайланбай калды.
Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө, Жумгал районунун
Чоң-Дөбө айыл өкмөт башчыларын кайталап шайлоо жаңы талапкерлерди
көрсөтүү менен 2021-жылдын 25-июнунда өткөрүү дайындалды. Шайлоо
саат 15-00дөн 18-00гө чейин өткөрүлөт.
Чечим “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча  шайлоо
комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7,14,18-
беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине,  Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча  борбордук комиссиясынын 2017-
жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөт
башчысын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык кабыл алынды.
Ак-Талаа жана Жумгал аймактык шайлоо комиссияларына
жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын
кайталап шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык,
ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-
майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык
эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.
 
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү