Ош жана Токмок шаарларындагы аймактык шайлоо комиссияларында ЫЧКТ штабдарынын ачылышы тууралуу маалымат
11 июня 2021
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесинин 5-пунктуна ылайык 2021-жылдын 11-июлуна дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоону даярдоо алдында Ош жана Токмок шаарларынын аймактык шайлоо комиссияларында (АШК) Ыкчам чара көрүүчү координациялык топтор (ЫЧКТ) түзүлдү.
1. Үзгүлтүксүз билим берүү тутумунда, квалификацияны жогорулатуучу курстарда, ошондой эле КР БШКнын эксперттери менен тренерлеринин катышуусунда Борбордук шайлоо комиссиясы уюштурган тренингдерде Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын бузуу аныкталганда Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Жазык-процесстик кодексин, Бузуулар жөнүндө кодексин колдонуу боюнча окутуудан өткөн ички иштер органдарынын, прокуратуранын жана улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тажрыйбалуу кызматкерлери Ыкчам чара көрүүчү координациялык топтордун курамына кирди.
2. Мындан тышкары, Ош жана Токмок шаарларынын АШКларынын ЫЧКТларынын ишин координациялоону күчөтүү, шайлоо мыйзамдарын бузуулардын фактылары боюнча шайлоо процессинин субъектилеринен түшкөн маалыматтарды жана билдирүүлөрдү кароо боюнча укук коргоо органдары менен ыкчам түрдө үзгүлтүксүз өз ара аракеттешүү, ошондой эле укук коргоо органдары, Ош жана Токмок шаарларынын АШКлары көрүп жаткан чаралар жөнүндө жарандарга ыкчам түрдө маалымдоо максатында
курамында КР БШКнын төмөнкү мүчөлөрү, КР БШКнын ЫЧКТ мүчөлөрү иштеген Ыкчам чара көрүүчү координациялык топторунун (ЫЧКТ) штабдары түзүлдү:
- Ош шаарында – Шайназаров Т.У., КР БШК мүчөсү, КР БШКнын ЫЧКТ төрагасынын орун басары;
- Токмок шаарында – Осмоналиев К.М., КР БШК мүчөсү, КР БШКнын ЫЧКТ мүчөсү.
3. Шайлоочулар, ошондой эле шайлоо процессинин баардык субъектилери шайлоо мыйзамдарын бузуулардын фактылары тууралуу өз убагында маалымдоо үчүн Ош жана Токмок шаарларынын АШКларынын ЫЧКТ штабдарына төмөнкү байланыш телефондору аркылуу кайрылса болот:
1. Ош шаары:
- ишеним телефону: 03222 55344, 03222 55065
- whatsapp №:0558301339
-электрондук почта: osh.kgor@mail.ru
Ош АШКнын ЫЧКТ штабынын дареги: Ош ш., Ленин көчөсү, №321, мэрия, №115-бөлмө.
2. Токмок шаары:
- ишеним телефону: 0313383167
- whatsapp 0706442021
-электрондук почта: kgortokmok@mail.ru
Токмок АШКнын ЫЧКТ штабынын дареги: Токмо кш., Ленин көчөсү, №385, 1-кабат.
КР БШКнын ЫЧКТ
2021-жылдын 11-июну.







