Жалал-Абад облусунун Ак-Суу айыл өкмөт башчысын шайлоо болуп өттү
11 июня 2021
Жалал-Абад облусунун Ак-Суу айыл өкмөт башчысын шайлоо болуп өттү
2021-жылдын 11-июнунда Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Суу айыл өкмөт башчысын шайлоо болуп өттү.
Ак-Суу айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Анарбеков Муратбек Анарбекович, Мамытов Санжарбек Шамшарбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Анарбеков Муратбек Анарбекович Ак-Суу айыл өкмөт башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Ак-Суу айылдык кеңешинин 21 депутатынын 16сы добуш беришти.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
