Талас облусунун 2 айыл өкмөт башчысы шайланбай калды

10 июня 2021

2021-жылдын 10-июнуна дайындалган Талас облусунун Талас районунун Долон айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү. Бирок талапкерлер айылдык кеңештин депутаттарынын керектүү сандагы добушун албагандыгына байланыштуу Долон айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калды.

Долон айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттары көрсөткөн 3 талапкер – Асанкул уулу Каныбек, Базарбаев Нурлан Кадырбекович, Чинботоев Канат Нурдинович катталган.

2021-жылдын 10-июнуна дайындалган Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакайыр айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү. Бирок талапкер айылдык кеңештин депутаттарынын керектүү сандагы добушун албагандыгына байланыштуу Бакайыр айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калды. Добуш берүү 2 турда өттү.

Бакайыр айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттары көрсөткөн 1 талапкер – Абдиев Рамил Сулайманович катталган.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү