Талас облусунун кээ бир айыл өкмөт башчыларын шайлоо болуп өттү
10 июня 2021
2021-жылы 10-июнда Талас облусунун Талас районунун Жергетал, Бакай-Ата районунун Шадыкан, Кең-Арал, Кара-Буура районунун Кара-Буура айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.
Жергетал айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Кушчубай уулу Нурахун, Сакеев Тилек Беренбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Сакеев Тилек Беренбекович Жергетал айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Жергетал айылдык кеңешинин 21 депутатынын 11и добуш беришти.
Шадыкан айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Капалов Каныбек Шукурбекович, Таалайбеков Бийгазы Таалайбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Таалайбеков Бийгазы Таалайбекович Шадыкан айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Шадыкан айылдык кеңешинин 11 депутатынын 7өө добуш беришти.
Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Нурматов Бакыт Сарымбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Нурматов Бакыт Сарымбекович Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Кең-Арал айылдык кеңешинин баардык 11 депутаты добуш беришти.
Кара-Буура айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Бекетаев Дастан Сатымбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Бекетаев Дастан Сатымбекович Кара-Буура айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Кара-Буура айылдык кеңешинин баардык 11 депутаты добуш беришти.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
