Алай районунун Коңур-Дөбө айыл өкмөт башчысы шайланбай калды
10 июня 2021
Алай районунун Коңур-Дөбө айыл өкмөт башчысы шайланбай
калды
2021-жылдын 9-июнуна дайындалган Ош облусунун Алай районунун
Коңур-Дөбө айыл өкмөт башчысын шайлоодо депутаттардын көпчүлүгү
“баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн добуш бергендигине
байланыштуу айыл өкмөт башчысы шайланбай калды.
Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык
кеңештин депутаттары көрсөткөн 2 талапкер – Акимжанов Асилбек
Толонбаевич, Пасанов Курстан Акжигитович катталган.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
