Ош облусунун айыл өкмөт башчыларын шайлоо болуп өттү
10 июня 2021
2021-жылдын 10-июнунда Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман, Ноокат районунун Жаңы-Ноокат, Бел, Өзгөн районунун Алтын-Булак, Алай районунун Гүлчө айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.
Нариман айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Мамажунусов Чингиз Бекмаматович, Ормонов Бакытбек Исраилович, Хосилов Нодир Носирович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Хосилов Нодир Носирович Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Нариман айылдык кеңешинин 21 депутатынын 19у добуш беришти.
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Рузалиев Нодирбек Зокиржонович, Кариев Мурзапыл Акжолович, Эргашев Икрамжан Турсиматович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Рузалиев Нодирбек Зокиржонович Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 31 депутатынын 23ү добуш беришти.
Бел айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Абдиев Маматазим Табалдыевич, Казначиев Калмамат Абдуллаевич катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Айткулов Асилбек Эсеналиевич Бел айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Бел айылдык кеңешинин 21 депутатынын 11 депутаты добуш беришти.
Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Байзаков Абдижалил Бекмаматович, Мырзакматов Майрамбек Абдыманович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Мырзакматов Майрамбек Абдыманович Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Алтын-Булак айылдык кеңешинин 11 депутатынын алтоо добуш беришти.
Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Исаев Сүйөрбек Курманбекович, Ормонбек уулу Эрмек катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Исаев Сүйөрбек Курманбекович Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Гүлчө айылдык кеңешинин 21 депутатынын 12си добуш беришти.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
