Талас облусунун кээ бир айыл өкмөт башчыларын шайлоо болуп өттү
09 июня 2021
2021-жылы 9-июнда Талас облусунун Талас районунун Калба, Манас районунун Покровка, Бакай-Ата районунун Ленинполь, Акназаров, Кара-Буура районунун Маймак айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.
Калба айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Төлөева Замира Жеңишовна, Камбаров Мундус Турусбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Төлөева Замира Жеңишовна Калба айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Калба айылдык кеңешинин 21 депутатынын 12си добуш беришти.
Покровка айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 5 талапкер – Турсунбаев Талант Анарбекович, Шамбеталиев Равхат Калыбекович, Дүшөбаев Мукталы Бошкоевич, Буркутбаев Заирбек Советалиевич, Базакечов Тынарбек Молдобаевич катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Дүшөбаев Мукталы Бошкоевич Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Покровка айылдык кеңешинин 21 депутатынын 11и добуш беришти.
Ленинполь айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 4 талапкер – Байдулатов Руслан Кулмырзаевич, Исабеков Мирлан Тынымбекович, Омуралиев Аскат Эсенбекович, Эшенкулов Замирбек Саматович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Байдулатов Руслан Кулмырзаевич Ленинполь айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Ленинполь айылдык кеңешинин 21 депутатынын 12си добуш беришти.
Акназаров айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 6 талапкер – Жунусов Узенкул Арстаналиевич, Исмаилов Садык Азанбекович, Кененбек уулу Азамат, Жакшымбетов Ильяс Тороканович, Коккозов Айбек Макулбекович, Субаналиев Саматбек Аскарбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Жакшымбетов Ильяс Тороканович Акназаров айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Акназаров айылдык кеңешинин баардык 21 депутаты добуш беришти. Добуш берүү 2 турда өттү.
Маймак айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Ниязалиева Алима Бакузевна катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Ниязалиева Алима Бакузевна Маймак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Маймак айылдык кеңешинин 11 депутатынын 9у добуш беришти.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
