КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди
09 июня 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 9-июнундагы жыйналышында Өзгөн жана Кара-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү жөнүндө токтом кылды.
Ош облусунун Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты Карабаева Шохистахан Абдиманаповнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке ишкер Сотволдиев Равшанбек Абдулхамитовичке (№ 4, “Өнүгүү-Прогресс” деп. фракциясы) өткөрүп берилди.
Ош облусунун Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты Абдуллажановой Назокатхон Гафуржановнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке ишкер Мавлянов Хожиакбар Пайтидиновичке (№ 11, “Ата-Журт Кыргызстан” деп. фракциясы) өткөрүп берилди.
Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айылдык кеңешинин депутаты Тажибаев Мамиржан Анваровичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Шерматов Амир Маматкадировичке өткөрүп берилди.
Токтом “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
