Ош облусунун Кеңеш айыл өкмөт башчысы шайланбай калды
09 июня 2021
Айылдык кеңештин депутаттарынын көпчүлүгү “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн добуш бергендигине байланыштуу 2021-жылдын 9-июнуна дайындалган Ош облусунун Ноокат районунун Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калды.
Кеңеш айылдык кеңешинде 21 мандат бар. Айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 5 талапкер – Бурканов Мустапакул Аниварович, Абдрахманов Орозбек Сулайманович, Кудайбердиев Калмамат Таирович, Шапиев Абдыкаар Жанишович, Кадырбердиев Абдурашут Матазович катталган.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
