Жалал-Абад облусунун кээ бир айыл өкмөт башчыларын шайлоо болуп өттү
09 июня 2021
2021-жылдын 9-июнунда Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Жаңы-Жол, Ак-Жол, Сузак районунун Багыш, Ленин, Токтогул районунун Бел-Алды айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.
Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Кочкорбаев Эламан Жапарович, Эшимбеков Нуралы Акпаралиевич катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Кочкорбаев Эламан Жапарович Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Жаңы-Жол айылдык кеңешинин баардык 21 депутаты добуш беришти.
Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Оңолбаев Бактыбек Надырбекович, Мырзагулов Бердалы Жумабекович, Султамуратов Төлөгөн Акматбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Султамуратов Төлөгөн Акматбекович Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Ак-Жол айылдык кеңешинин 21 депутатынын 11и добуш беришти.
Багыш айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Маматов Жыргалбек Темирбекович, Шергазиев Рахман катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Маматов Жыргалбек Темирбекович Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Багыш айылдык кеңешинин 31 депутатынын 16сы добуш беришти.
Ленин айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 4 талапкер – Жолдошев Эркинбай Манапбаевич, Мурзаканов Чолпонбек Исмаилович, Султаналиев Абдыкадыр Жуманазарович, Адылбек уулу Бакытбек катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Мурзаканов Чолпонбек Исмаилович Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Ленин айылдык кеңешинин 21 депутатынын 15и добуш беришти.
Бел-Алды айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Багымбаев Болот Тияншанович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Багымбаев Болот Тияншанович Бел-Алды айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Бел-Алды айылдык кеңешинин бардык 11 депутатынын 9у добуш беришти.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
