Нарын облусунун кээ бир айыл өкмөт башчыларын шайлоо болуп өттү

08 июня 2021

2021-жылдын 8-июнунда Нарын облусунун Кочкор районунун Кочкор, Ак-Талаа районунун Баетов, Жумгал районунун Байзак, Нарын районунун Дөбөлү айыл өкмөт башчыларын шайлоо болуп өттү.

Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Исраилов Мирлан Мажитович, Мусаев Алибек Тологонович, Курманалиева Упакүл Ашырбековна катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Исраилов Мирлан Мажитович Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Кочкор айылдык кеңешинин 21 депутатынын 11и добуш беришти.

Баетов айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Абдылдаев Алмаз Орозбекович, Аалиев Аманбек Насирдинович, Ташанкулов Азамат катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Абдылдаев Алмаз Орозбекович Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Баетов айылдык кеңешинин баардык 21 депутатынын 15и добуш беришти.

Байзак айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Качкынбаев Кайрат, Кучмуратов Таалайбек, Сагынбеков Байыш катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Сагынбеков Байыш Байзак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Байзак айылдык кеңешинин 21 депутатынын 11и добуш беришти. Добуш берүү 2 турда өттү.

Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Бектемиров Авас Турдубаевич, Уланбек уулу Жолдошбек катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Бектемиров Авас Турдубаевич Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Дөбөлү айылдык кеңешинин 11 депутатынын 9 депутаты добуш беришти.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү