Чүй облусунун 2 шаарынын мэрин шайлоо болуп өттү
07 июня 2021
2021-жылдын 7-июнунда Чүй облусунун Сокулук районунун Шопоков, Панфилов районунун Кайыңды шаарларынын мэрлерин шайлоо болуп өттү.
Шопоков шаарынын мэринин кызмат ордуна 2 талапкер – «Ордо» фракциясынан көрсөтүлгөн Сатыбалдиев Бектур Баякеевич, «Бүткүл Жаштар» фракциясынан көрсөтүлгөн Бекболотов Адылбек Токойбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Бекболотов Адылбек Токойбекович Шопоков шаарынын мэри болуп шайланды. Ал үчүн Шопоков шаардык кеңешинин 21 депутатынын 11и добуш беришти.
Кайыңды шаарынын мэринин кызмат ордуна 1 талапкер – көпчүлүк коалициясынан көрсөтүлгөн Джумабаев Эрнур Нурадинович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Джумабаев Эрнур Нурадинович Кайыңды шаарынын мэри болуп шайланды. Ал үчүн Кайыңды шаардык кеңешинин 21 депутатынын 13ү добуш беришти.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
