Жалал-Абад облусунун кээ бир айыл өкмөт башчыларын шайлоо болуп өттү
08 июня 2021
2021-жылдын 8-июнунда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ак-Коргон, Т.Балтагулов, Токтогул районунун Толук айыл өкмөт башчыларын шайлоо болуп өттү.
Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Адашов Абукаххор Абдужалилович, Досалиев Сейитказы Атамырзаевич, Фарманкулов Голибжон Рахманбердиевич катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Фарманкулов Голибжон Рахманбердиевич Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Ак-Коргон айылдык кеңешинин 31 депутатынын 18и добуш беришти.
Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – райондун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими көрсөткөн Касымбеков Парманбек Жакыпбаевич, айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн Назарбеков Байыш Мадамбекович, Усенов Заирбек Жаныкулович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Назарбеков Байыш Мадамбекович Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Т.Балтагулов айылдык кеңешинин 21 депутатынын 11и добуш беришти.
Толук айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Ажыбаев Толукбек Бектурсунович, Дуйшеев Зайырбек Сыязбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Дуйшеев Зайырбек Сыязбекович Толук айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Толук айылдык кеңешинин 11 депутатынын алтоо добуш беришти.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
