Чүй облусунун кээ бир айыл өкмөт башчыларын шайлоо болуп өттү

07 июня 2021

2021-жылдын 7-июнунда Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Жээк, Москва районунун Ак-Суу, Первомай, Сокулук районунун Саз, Кемин районунун Чоң-Кемин, Кызыл-Октябрь, Жайыл районунун Жайыл, Талды-Булак айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.

Жээк айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Джумагулов Эркин Кимович, Абакиров Ренат Канатович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Абакиров Ренат Канатович Жээк айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Жээк айылдык кеңешинин 11 депутатынын 7 депутаты добуш беришти.

Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Курманалиев Алтынбек Докторбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Курманалиев Алтынбек Докторбекович Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Ак-Суу айылдык кеңешинин баардык 21 депутаты добуш беришти.

Первомай айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Султаналиев Нурлан Ахматович,  Бакиров Асылбек Искенович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Султаналиев Нурлан Ахматович Первомай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Первомай айылдык кеңешинин баардык 21 депутатынын 12си добуш беришти.

Саз айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Жумашалиев Айдарбек Кубанычбекович, Койлубаев Эдик Таалайбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Жумашалиев Айдарбек Кубанычбекович Саз айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Саз айылдык кеңешинин 11 депутатынын 9у добуш беришти.

Чоң-Кемин айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Сопубеков Жыргалбек Зарылканович, Сулайманов Нурбек Жамалидинович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Сопубеков Жыргалбек Зарылканович Чоң-Кемин айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Чоң-Кемин айылдык кеңешинин 11 депутатынын 8и добуш беришти.

 

Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 4 талапкер – Асанов Талай Алымсеитович, Джумагазиева Айгуль, Султанов Салморбек, Токтоналиев Азамат катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Асанов Талай Алымсеитович Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин 11 депутатынын 7 депутаты добуш беришти.

Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Жумалиев Руслан Мамбетказыевич, Кокоев Марат Жолдошбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Кокоев Марат Жолдошбекович Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Жайыл айылдык кеңешинин 11 депутатынын 9у добуш беришти.

Талды-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Асанкулов Адилет Саматович, Жээнбек уулу Белек катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Жээнбек уулу Белек Талды-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Талды-Булак айылдык кеңешинин 11 депутатынын 7 депутаты добуш беришти.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү